Ош шаарында мамлекеттик органдар, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык уюмдар арасындагы кызматташуу талкууланып жатат.

04.10.2019

Ош шаарында мамлекеттик органдар, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык уюмдар арасындагы кызматташуу талкууланып жатат.

2019-жылдын 4-октябрында Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык офиси менен биргеликте мамлекеттик органдардын, ММКлардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен экинчи Координациялык жолугушуусу өтүп жатат.
Иш- чарага Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Салкын Сарногоева катышып, учурдагы массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда таралып жаткан такталбаган маалыматтардын кесепетинен келип чыккан натыйжаларга токтолуп, ага бөгөт коюу үчүн түшүндүрүү иштерин жасоо керектиги тууралуу билдирүү жасады.
Ошондой эле, иш- чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын идректору Зайырбек Эргешов жана ЕККУнун (ОБСЕ) Бишкектеги Программалык офисинен Жылдыз Төлөгөн кызы катышууда.

Бүгүнкү иш-чарада мамлекеттик органдардын медиа коомчулук менен болгон натыйжалуу өз ара кызматташуусунун мындан ары жөнгө салуу, ММКларды өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу боюнча сунуштарды берүү, медиа ресурстарда жалган маалыматтардын таралышына жана Кыргызстандагы зордук менен болгон экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча биргелешкен аракеттерди жасоо талкууланып, медиа уюмдардын жана өкмөттүк эмес секторлордун, жаштардын арасында радикализмди жана зордук менен болгон экстремизмди алдын алуудагы ишмердүүлүгү боюнча бет-ачарлар көрсөтүлдү жана докладдар окулду.

Координациялык жолугушууда мамлекеттик органдардын пресс-катчылары, эл аралык уюмдардын жана ММКлардын өкүлдөрүнүн 40 ашыгы катышты.

Жолугушууну жыйынтыгында, катышуучулар кийинки жылга өз ара кызматташуу боюнча иш-чараларынын иреттүү планын кабыл алууну, ага ылайык, негизги пункттардын бири катары, республиканын бардык аймактарындагы жарандардын маалыматты талдай билүүсүн, медиа сабаттуулугун жогорулатуу, ошондой эле социалдык тармактарда жалган маалыматтын таралышына каршы күрөшүү боюнча ири масштабдуу маалыматтык кампанияны өткөрүү демилгесин колдоого алышты.
Эске салсак, ушундай эле жыйын ушул жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында болуп, Кыргызстан акыркы учурларда социалдык тармактарда жалган маалыматтын таралышына каршы кантип туруштук берүү керектиги жана анын коомго, айрыкча жаштар арасында болгон таасиринин күчөшү, калктын медиа сабаттуулугунун төмөндүгү жана ага жалган маалыматка каршы туруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу маселелери талкууланып, калк арасында медиа сабаттуулукту жогорулатуу боюнча бир нече иш-чараларды өткөрүү тууралуу демилге көтөрүлгөн.

News

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет.

More

“Белестеги беш ыргайды......” белгилүү кылган Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Абдыкалый Темиров эскерилет.

More

Замминистра культуры: «Перед мигрантами остро стоят проблемы сохранения родного языка и культуры»

More

VII Форум молодого кино «Умут»  стран СНГ «Умут», посвящен юбилею  знаменитого кыргызского киноактера  Суйменкула Чокморова.

More

Минкультуры: “В приграничных селах Баткенской области обновлены книжные фонды местных библиотек”

More

В Национальной библиотеке Кыргызской Республики имени Алыкула Осмонова состоялась научно-практическая Конференция

More

Министр культуры Азамат Жаманкулов посетил Бишкекское хореографическое училище им. Ч. Базарбаева.

More

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиева 50 жыл бир сахнада эмгектенди.

More

Ош шаарында мамлекеттик органдар, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык уюмдар арасындагы кызматташуу талкууланып жатат.

More

Персональная выставка Абдысадыра Турусбекова

More