Logo Logo
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2015-жылдын 5-августу № 557

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмегин бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин улуттук тизмеги 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Материалдык эмес маданий мурас жаатындагы эксперттик кеңеш Материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин улуттук тизмегинин жүргүзүлүшүнө жана Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесине киргизилишине координация жана туруктуу мониторинг жүргүзсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"ЭркинТоо" газетасынын 2015-жылдын 11-августунда № 74жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин

милдетин аткаруучу

 

Т.Сарпашев

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Үчтүн айынын 2017
ПнВтСрЧтПтСбВс
      
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
     

Соц сети